Menu

Ош облусунун жергиликтүү жашоочуларынын үйүнөн баңгизат жана жардыруучу зат табылган

Бөлүшүү:

Ош облусунун жергиликтүү жашоочуларынан баңгизат жана жардыруучу зат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мурда алынган маалыматтын негизинде мыйзамсыз иш-аракеттердин фактыларын аныктоо максатында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу районунун санкциялаштырылган тинтүү иш-чараларын жүргүзүшкөн.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине мурда Кара-Суу районунун айылдарынын бириндеги атасы менен баласы үйүндө баңгизат жана гранаталарды мыйзамсыз сактап жүрүшөт деген маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-амалдарынын натыйжасында шектүүлөрдүн жашаган үйүнөн кендир жыттанган зат табылып алынган.

Мындан тышкары, тинтүү учурунда мыйзамсыз колго жасалган жардыруучу түзүлүштү сактап жүрүү фактысы аныкталып, 2 даана жардыруучу түзүлүш табылып алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган заттар, салмагы 232,5 грамм «марихуана» жана 66,9 граммды түзгөн «гашиш» баңгизат экендиги аныкталган. Колго жасалган жардыруучу түзүлүш боюнча тиешелүү экспертизалар өткөрүлүүдө.

Бул кылмыштарды жасоого жакын тууган болгон 1968-жылы туулган С.И., жана 1987-жылы туулган С.М. аттуу жарандар шектелүүдө.

Шектүү катары кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268, 253-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: