Menu

Сабыр Соодонбеков, Тоң райондук сотунун судьясы: “Өкүм чыгарганда ички туюмума таяндым”

Бөлүшүү:

13 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталган адамдарды актаган Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбеков өкүм чыгарганда анын ички туюмуна таянгандыгын айтты. Мындай пикирин ал Vesti.kg басылмасына билдирди.

“Биз укуктук мамлекетте жашап жатабыз. Өкүм чыгарганда мен ички туюмума таяндым. Башка эч нерсе айта албайм”, – деди ал журналисттерге.

Белгилей кетсек, 11-декабрда Тоң райондук соту 13 жаштагы мектеп окуучусун зордуктоого шектелген эки адамды актаган. Бир гана айыпталуучу 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок далилдер болгондугуна карабастан, сот ага жеңил беренени колдонуп, жазасын жеңилдеткен. Кыздын туугандары анын эки жылдан кийин эле эркиндикке чыгып кетет деп нааразы.

Кыргызстандыктар социалдык тармактарда Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбековдун 13 жашар кызды зордуктады деп айыпталып жаткан эки адамды актаганы боюнча териштирүү жүргүзүүнү  талап кылышууда.

Ал арада IDEA жаштар уюму судьяга каттарды чогултууда. Демилгени уюштуруучулардын айтымында, ар бир адам судьяга кат жаза алат. Алар чогултулган каттардын бардыгын алып, сотко өткөрүп берүүгө убада беришет.

“Келгиле, чогуу кыздын укугун коргойлу! Эгерде сот адилетсиздикке каршы күрөшүүнү каалабаса, анда биз – коом күрөшөбүз!” – деп белгилейт уюм.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: