Menu

Өз жанын кыйган 22 жаштагы аскер кызматкеринин денесинде эч кандай жаракат табылган жок

Бөлүшүү:

Алдын ала маалыматтар боюнча, Ички аскер кызматкеринин өз жанын кыйган жоокеринин денесинен жаракат табылган жок. Бул тууралуу “24.kg” маалымат агенттигине Жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы окуяны териштирип жатат, экспертизалар дайындалды.

«Белгилүү болгондой, жоокер боо менен асынып алган. Окуя болгон күнү жаш жигиттин сөөгү моргго жеткирилген, көзгө көрүнгөн жаракат болгон эмес. Жеринде экспертизаны прокуратура кызматкерлери, ошондой эле Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери жүргүзүштү. Аскер кызматкери окуя болгондон бир күн мурун үйгө келген. Ал асынып турган жеринен табылганда, жанында эч кандай өлүм алдындагы жазуу болгон эмес. Маркумдун ата-энеси сөөктү ачуудан баш тартышты», – деди Уулкан Байгубатова.

Жоокердин мүнөзү жакшы болчу, кесиптештери менен жаман мамиледе болгон эмес. Аны улуу курактагы адам катары сыйлашчу.

Эске салсак, Ички иштер министрлигинин Ички аскер кызматкеринин жоокери 21-декабрда өзүнүн аскер бөлүгүндө асынып алган. Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: