Menu

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

Бөлүшүү:

КРнын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 24-декабрда, мамлекеттик органдардын айрым жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында президенттик шайлоо учурунда коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо маселеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмесине сунуштамалар  каралат.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жана ички иштер министри Улан Ниязбеков республика аймагында коронавирус инфекциясы шартында КРнын президентинин кезексиз шайлоосун уюштуруу жана өлкөдө мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жаатында аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат беришет.

Коопсуздук кеңешинин жыйыны Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо-24»   телеканалында жана социалдык тармактардагы баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Башталышы саат 11:00дө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: