Menu

Орусия элчиси орус тилинин Өзбекстандагы макамы тууралуу пикирин билдирди

Бөлүшүү:

Владимир Тюрденев

Орусиянын Ташкенттеги элчиси Владимир Тюрденев орус тили Өзбекстанда улуттар аралык тил макамына ээ болушу үчүн коом ага бышып жетилиши керек деп эсептейт. Бул тууралуу орусиялык дипломат 22-декабрда Ташкентте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

«Бул боюнча бир нерсе айтуу өтө оор. Анткени мындай маселелер коомчулукта ажырымды пайда кылбашы зарыл. Балким буга коом бышып жетилиши керектир, өзгөчө азыркы шартта», — деди орус элчиси.

Мындан тышкары Тюрденев Өзбекстанда орус тилине болгон кызыгуу өсүп жатканын, өлкөдө орус тилин окутуунун сапатын жакшыртууга багытталган «Класс» долбоору өз убагында башталганын белгиледи. Буга чейин бул долбоор эки өлкөнүн Билим берүү министрликтеринин кызматташтыгы менен өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун каржылык колдоосунда ишке ашырылып жатканы кабарланган.

Өзбекстанда орус тилине улуттар аралык тил макамын берүү маселеси Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери көтөрүлүп келет. 2019-жылы Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Өзбекстанга сапары алдында 20га жакын орус улутундагы интеллигенция өкүлдөрү орус тилине расмий тил макамын берүү сунушун айтып чыгышкан. Бирок алардын айрымдары коомчулукта терс пикирлер айтылгандан кийин бул сунуштан баш тартышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: