Menu

УКМКнын кызматкерлери Матраимовдун батирлерин алышат, бирөөсү балдар үйүнө өткөрүлөт

Бөлүшүү:

Келтирилген зыяндын ордун толтуруунун алкагында Райымбек Матраимов 9 батирди мамлекетке өткөрүп берген. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, КРнын Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун 2 миллиард сомго толтурган, ал 1 миллион 600 миң сом акчалай төлөп берген, ал эми калган бөлүгү үчүн 9 батир жана соода борборун берди.

“Биз батирлерди УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп беребиз, бирок алардын бири өтө чоң, биз аны балдар үйүнө же социалдык объект катары өткөрөбүз” – деди Ташиев.

Журналисттер Матраимовдун батирлерин, мисалы, дарыгерлер же мугалимдер эмес, УКМК кызматкерлерине өткөрүп берүү чечимин ким чыгарган деп сурашты.

Ташиев мындай чечимди өздөрү кабыл алганын айтты.

“Бул 90 же 900 батир эмес экендигин түшүнүшүңүз керек. Бул тогуз гана батир. Аны баарына бөлүштүрө албайсыз. Ошондуктан биз аларды өз жигиттерибизге беребиз деп чечтик”, – деди Ташиев.

Ошол эле учурда УКМКнын башчысы батир ала турган адамдарды ким жана кантип тандай тургандыгын так айткан жок.

Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 20-октябрда кармалган. УКМК Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берерин билдирген. Ал ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн. Сот Райымбек Матраимовду кетпөө тил каты менен бошоткон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: