Menu

1000 адамга той берген ишкер Жалил Атамбаевдин уулуна катуу жаза берилди

Бөлүшүү:

УКМКда иштеген ишкер Жалил Атамбаевдин уулуна катуу жаза берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Буга чейин Ош шаарында Жалил Атамбаевдин уулунун тою өтүп, ага көптөгөн адамдар катышкандыгы маалымдалган. Аны УКМК текшерүүгө алган.

“Өлкө ушундай оор кырдаалда, коронавирус пандемиясында турганда, адамдар начар жашашат, Жалил Атамбаев эмне кылууда? Миң адамды чогултуп, той өткөрүп жатат. Бул элдин бетине түкүрүү”, – деди Ташиев. Ошондой эле, ал буга жол бербеш керек деп эсептейт.

«Анын уулу бизде иштейт. Үйлөнгөнү үчүн, биз аны жумуштан кетире албайбыз. Бирок биз ага катуу жаза бердик. Эми ал жакынкы эки жылда кызматтык көтөрүлүү же башка нерсе ала албайт. Бул бардык байларга сабак болсун», – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: