Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалган Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевдин 20 батири бар экен. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, кечээ Жогорку соттун судьясы үй-бүлөсү менен Дубайга эс алууга учуп кеткен. Ал сотко карата териштирүү иштери башталды.
“Жогорку сотто 35 судья бар, бүт бардыгы “Lexus-570”, “Mercedes” жана “Gelandewagen” үлгүсүндөгү унааларды айдашат. Ал эми декларацияда ВАЗ-2106 унаасы көрсөтүлгөн. Ушундай фактылар болуп турса, коом өзгөрбөйт. Алар декларацияга ылайык жашашы керек. Бизге социалдык адилеттүүлүк керек. Жогорку соттон төрт адам Дубайга эс алууга барып келишкен. Бул учуп барып келгени эле 15-20 миң долларды түзөт. Алар бул акчаны кайдан алды? Соттун өтүгү миң доллар, кийген шубасы 5 миң доллар, айдаган унаасы 100 миң доллар, жашаган үйү миллион доллар турат” – деди Камчыбек Ташиев.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматы мыйзамсыз баюу фактысы боюнча КР Жогорку сотунун судьясы кармалганын маалымдаган. УКМК Коррупцияга каршы кызматы жүргүзгөн сот системасындагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды алдын алуу жана жок кылуу боюнча иш чаралардын алкагында КР Жогорку сотунун атуулдук экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы «О.К.Т.» тарабынан мыйзамсыз баюу фактылары аныкталып, чогулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинде (мыйзамсыз баюу) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүү башталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ