Menu

Камчыбек Ташиев: “Садыр экөөбүздү бир гана Алла Таала ажырата алат”

Бөлүшүү:

Бардык президенттикке талапкерлер бирдей укукка, шартка ээ болушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров ал үчүн өзгөчө талапкер эмес.

“Мага бардык талапкерлер бирдей. Садыр ушул өмүрдө тапкан жакшы досум. Садыр экөөбүз “эли-журтубузга кызмат кылабыз”, “мамлекетибизди башкача кылып түзүп, өлкөнүн кадыр-баркын көтөрүп, элибизди жакшы жашоого жеткизебиз” деген тилегибизге жетебиз деген ойдомун. Кудай кааласа, Садыр экөөбүздүн достугубуз, мамилебиз түбөлүккө болуш керек деген ойдомун. Экөөбүздү бир гана Алла Таалам гана ажыратышы мүмкүн. Эч кандай бийлик, байлык, талаш-тартыш бизди ажырата албайт», – деди Камчыбек Ташиев.

Ал ошондой эле, чагымчылдар “Жапаров менен Ташиев урушуп кетти” деген мааниде малыматтарды таратып жатканын айтып, экөөнүн мамилеси мурдагыдай эле жакшы экенин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: