Menu

Камчыбек Ташиев: “Айрым талапкерлер үгүт иштерин жүргүзбөй эле, шайлоодон кийин кырдаалды дестабилдештирүүгө даярданып жатышат”

Бөлүшүү:

“Кыргызстанда президенттик шайлоодон кийин өлкөдө кырдаалдын туруксуздашы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, атайын кызматтарда кайсы талапкер кандай иш алып барып жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар.

“Кайсы талапкер кырдаалды туруксуздаштырууга даярданып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Биз муну документтештирип жатабыз. Шайлоодон кийин бул талапкерлерге чара көрөбүз. Айрым талапкерлер үгүт иштерин жүргүзбөй эле, шайлоодон кийин кырдаалды дестабилдештирүүгө даярданып жатышат деген так маалыматыбыз бар. Буга биздин эл жол бербейт деп ишенем. Эгер бул күчтөр миңдеген адамдарды көчөгө алып чыкса, анда аларды миллиондогон эл басып коёт”, – деди Камчыбек Ташиев.

Камчыбек Ташиев талапкерлердин шайлоодон кийин бийликти басып алабыз деген ою да болбошу керектигин айтты.

Белгилей кетсек, кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: