Нур-Султанда жергиликтүү тургун 8 жаштагы кызынын эркелиги үчүн жазалоо ирээтинде кийимсиз эшикке чыгарып салган. Бул тууралуу “Tengrinews.kz.” маалымат агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ыйлаган кыздын сүрөттөрү социалдык тармактарда жарыяланган. Үйдүн кире беришинде ич кийимчен 8 жаштагы кыз үшүгөн боюнча отурат. Фейсбуктагы посттун автору апасы кызын тил албастык жана эркелиги үчүн ушундай жол менен жазалайт деп билдирген.
“Кызга байланыштуу камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте текшерүү жүргүзүштү. Учурда Нур-Султан шаарынын акимчилигинин алдындагы Жашы жете электердин иштери жана алардын укуктарын коргоо боюнча комиссияга тапшыруу үчүн материал даярдалууда. Мындан тышкары, мыйзамдуу өкүлдөрдү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу маселеси каралууда”, – деди посттун автору Илмира Жумат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ