Menu

Казакстанда абактагы трансгендер аялга зомбулук көрсөтүү иши боюнча сот өкүмү күчүнө кирди

Бөлүшүү:

Алматы облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясы абактагы трансгендер аял Виктория Беркхожаевага сексуалдык зомбулук көрсөтүү жана кыйноого алуу айыбы менен соттолгон атайын кызматтын мурдагы кызматкеринин апелляциялык арызын канааттандыруудан баш тартты.

Сот ошондой эле соттолуучуга карата жазаны болушунча катаалдатуу тууралуу Беркхожаева менен анын адвокатынын өтүнүчүн четке какты.

Бул иш боюнча Иле райондук соту быйыл 6-октябрда өкүм чыгарган. Ага ылайык, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы кызматкери «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракетине баруу» жана «Кыйноо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жыл алты айга соттолгон. Мындан тышкары ал мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан жана УККнын майору наамынан ажыратылган.

24-декабрда өткөн сот отурумуна Алматы облусундагы аялдар абагында отурган Беркхожаева видеобайланыш аркылуу катышты. Сотто анын кызыкчылыгын коргогон адвокаты Айман Умарова биринчи баскычтагы соттун өкүмү жеңил болуп калганын айтып, аны катаалдатууну өтүнгөн. Ал бүгүнкү сот чечим боюнча даттануу-даттанбоо тууралуу жабырлануучу менен кеңеше турганын билдирди.

УККнын мурдагы кызматкеринин адвокаты Серик Ногайбаев соттолуучунун күнөөсү далилденбегенин айтып, аны актоону өтүнгөн. Ал бүгүнкү өкүм боюнча жогорку баскычтагы сотко сөзсүз кайрылышарын билдирди.

Кылмыш иши трансгендер Виктория Беркхожаева 2019-жылы камакта зомбулук көргөнү жөнүндө арыз жазгандан кийин козголгон. Ошол эле жылы күзүндө бул иш боюнча УККнын мурдагы кызматкери камакка алынган.

Беркходжаева 2016-жылы ири өлчөмдө акча опузалап алуу шеги менен кармалган. 2017-жылы Алматы соту аны жети жылга эркинен ажыраткан. Ал жазасын Алматы облусундагы Жаугашты кыштагындагы түрмөдө өтөп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: