Menu

Борбор Азиядагы лидер аялдардын алгачкы онлайн жолугушуусу болду

Бөлүшүү:

Өзбекстан парламентинин жогорку палатасынын төрайымы Танзила Норбаева

23-декабрда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү лидер аялдардын диалогун түзүү боюнча видеоконференция форматында уюштурулган алгачкы жолугушуу өттү.

Өзбекстан Сенатынын Олий Мажлисинин басма сөз кызматы кабарлагандай, иш-чарага Борбор Азиядагы беш өлкөнүн өкүлдөрү, БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман жана ПРООНдун Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча директору Марьяна Сполярич Эггер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Борбор Азиядагы мамлекеттер аралык кызматташтыкты бекемдөөдөгү аялдардын ролу, алардын мамлекеттик жана коомдук иштерге катышуусу, ошондой эле гендердик тең укуктуулуктун сакталышын камсыздоо, адам укуктарын жана аялдардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча реформаларды ишке ашырууга көмөктөшүүсү талкууланды.

Наталья Герман БУУнун аймактык борбору аймактык жана глобалдык өнөктөштүктү кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана талкуу жүргүзүү платформасы менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Германдын сунушу менен Борбор Азиядагы лидер аялдардын диалогунун алкагында 2021-жылы төрайымдык Олий Мажлистин төрайымы Танзила Нарбаевага жүктөлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: