Бишкекте акча талап кылуу фактысы менен кармалган Роман Царев Кыргызстандын курама командасынан чыгарылды. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, спортчу 380 миң сом талап кылган деп шектелип, 22-декабрда камакка алынган.
“Спортчунун этикалык кодексинин 5-бөлүмүнүн 15-пунктунун негизинде Роман Царев 2020-жылдын 23-декабрынан тарта Кыргыз Республикасынын курама командасынын катарынан чыгарылды. Кодекстин 5-бөлүмүндө тартипсиздик жоруктарды жасагандыгы үчүн, анын ичинде ушул кодекстин жоболорун аткарбаганда же туура эмес аткарганда кодекстин негизинде спортчуга карата атайын чаралар көрүлөөрү белгиленген”, – деп айтылат билдирүүдө.
Роман Царев 2020-жылдын январь айында 72 килограммга чейинки салмак ченинде өлкө чемпиондугун жеңип, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын негизги командасына кирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ