Пара алып жаткан жеринен кармалган Жол кайгуул кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Нур Сатыбалдиев мамлекетке 2 миллион сом төлөп берди. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 24-декабрда өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Нур Сатыбалдиев 27-октябрда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ИИМдин патрулдук кызматына кызматкерлерди кабыл алууда акча алган деген шек менен кармалган.
“Кармалган чиновник ИИМдин патрулдук кызматына орношууну каалаган адамдардан жана иштеп жаткан кызматкерлерден кызматтан жогорулатуу үчүн системалу түрдө акча алгандыгы аныкталды”, – деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ