“Коопсуз шаар” долбоору бизнеске айланды деп буга чейин деле бир нече жолу айтканмын”, – деп билдирди депутат Бактыбек Турусбеков 24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында.
Ал орнотулган камералар эл аралык стандарттарга жооп бербей турганын белгиледи.
“Жолдогу видео жазуу белгисинен кийин дароо эле камералар орнотулган. Натыйжада, айдоочулар дароо айып пулга жыгылышат”, – деди депутат.
Депутат “Коопсуз шаар” боюнча арыздар көп болуп жатканын айттып, өкмөттүн өкүлүнө кайрылып бардыгын эл аралык стандарттардын алкагында жасоо керектигин айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ