Депутат Алтынбек Сулайманов дзюдо боюнча сабак алууда. Бул тууралуу ал Instagram социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирип, машыгуудагы сүрөттөрдү жүктөдү.
“Ар кандай спорт түрлөрүн же башка жаңы нерсени үйрөнүүдө ошол иштин чеберинен сабак алсаң бат өздөштүрөсүң.
Таалайбек Масабиров – дзюдо боюнча чеберлер арасындагы Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстандын алгачкы абсолюттук чемпиону, Дүйнөнүн жана Азиянын дзюдо федерациясынын кара курунун (6-дан) ээси, дзюдо жана самбо боюнча эл аралык чебер, саясатчы, экс-депутат”, – дейт Сулайманов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ