Menu

Россия бажысы Кыргызстандан ташылып бараткан жасалма товарлардын ири партиясын кармады

Бөлүшүү:

Омск бажысынын кызматкерлери Россиянын Казакстан менен чектешкен аймагында жасалма товарлардын ири партиясын кармашты. Бул тууралуу орусиялык маалымат басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жүк Кыргызстандан ташылган. Эки жүк ташуучу унаада “Louis Vuitton” соода маркасы коюлган 400 пижамасы салынган мүшөктөр болгон.

Учурда полиция кылмыш ишин козгоо маселесин чечип жатат, текшерүүнүн бардык материалдары укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бренд ээсинин өкүлү соода маркасын пайдалануу укугу бузулгандыгын тастыктады. Орусиялык маалымат басылмалары билдиргендей, “Louis Vuitton” соода маркасынын ээси келтирилген чыгымды 25 миллион рублга баалаган. Жүк ээси бул сумманы толугу менен төлөп бериши керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: