Menu

Убактылуу кармоо жайында COVID-19га шектелген кишилер ооруканага которулууда

Бөлүшүү:

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) убактылуу кармоо жайында кармалгандарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча буйрук чыгарды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө буга чейин Токон Мамытов Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү өтүнүч менен кайрылганы айтылат. Министрлик жооп иретинде пневмония жана COVID-19га шектелген оорулуулар убактылуу кармоо жайынан Наркология борборуна, инфекциялык ооруканага жана Улуттук госпиталга которулары боюнча буйрук иштелип чыкканын маалымдаган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев RFE/RL радиосунун кыргыз кызматына буйрук күчүнө киргенин, буга чейин убактылуу кармоо жайында отурган бейтаптар жогорудагы медициналык мекемелерге которула баштаганын айтты.

26-ноябрда Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу тергөө изоляторун кыдырып чыгышкан. Уюмдун маалыматына караганда, 63 кишиге ылайыкташтырылган жерде 100 киши отурган. Ошол эле маалда алардын 32синен пневмония аныкталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: