Бишкекте түрмөгө кесилген “Алма” супермаркетинин эки күзөтчүсүнүн жакындары шаардык соттун имаратынын жанында митинг өткөрүп жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.
Эскерте кетсек, 2019-жылдын 14-октябрында 14 жаштагы өспүрүм көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирип каза болгон. Ага чейин бала достору менен супермаркетке барып, шоколад уурдаган. Дүкөндүн күзөтчү кызматкерлери аларды кармап, ата-энелеринин байланыш маалыматтарын алып, коё беришкен.
Юристтердин айтымында, күзөтчүлөр негизсиз жана далилсиз соттолду. Алардын бири алты жылга, экинчиси беш жылга эркинен ажыратылды.
«Сот дүкөндөн майда-барат буюмдарды уурдап кармалган жаш баланы күзөтчүлөр өз жанын кыюуга жеткиргени далилденди деп эсептеди. Бирок күзөтчү кызматкерлеринин өспүрүмдү суицидге түрткөндүгү боюнча эч кандай далил жок», – дейт адвокаттардын бири.
Митингчилер соттун акыйкат чечимин жана ишти кайра кароону талап кылышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ