КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет
Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу бир катар өндүрүштүк жан социалдык объектилердин иши менен таанышат, ошондой эле «Терек-Сай» кениндеги алтын чыгаруучу фабрикага жана «KAZ Minerals Бозымчак» кенине барат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ