Бүгүн, 25-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 180 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 67, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 60, Ош облусунан – 14, Талас облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 15, Жалал-Абад облусунан – 4, Баткен облусунан – 8, Нарын облусунан – 4 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 80 025 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 307 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 74 177ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 95, Ош шаарынан – 40, Чүй облусунан – 59, Ош облусунан – 6, Талас облусунан – 14, Ысык-Көл облусунан – 35, Жалал-Абад облусунан – 27, Баткен облусунан – 20, Нарын облусунан – 11.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ