Menu

Кара-Суу районунда 57 жаштагы жарандын колу-бутун байлап, сабап акчасын алып качып кеткен кылмыштуу топ кармалды

Бөлүшүү:

КРнын ИИМдин Криминалдык милиция кызматы менен Ош ОИИБдин КМКнын ыкчам кызматкерлери карактоого шектелген мурда соттолгон төрт жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-декабрь күнү болжол менен саат 02:30 чамасында, Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган 57 жаштагы жарандын үйүнө бет капчан белгисиз адамдар кирип, анын колун жана бутун “скотч” менен байлап сабашкан. Үйдү тинтишип, накталай 40.000 (кырк миң) сом акча каражаттарын алып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен. Жабырлануучу Россия Федерациясынын жараны болот.

Аталган факты боюнча КРнын Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту (Каракчылык) менен КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча КРнын ИИМнин КМКнын ыкчам кызматкерлери тартылып, каракчылык менен кол салууга тиешеси барлардын өздүгүн тактоого багытталган бардык зарыл болгон иштер жүргүзүлгөн.

Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин көңүлүн мурда соттолгон адамдар бурдурган соң, аларга карата ыкчам иштер жүргүзүлө баштаган.

Жакында Кыргыз Республикасынын ИИМнин КМКнын жана Ош ОИИБнын кызматкерлери ыкчам иштерин жүргүзүү учурунда кылмышка шектүү катары адам өлтүрүү, денеге оор зыян келтирүү, бейбаштык менен мурда соттолгон төрт жарандын тиешеси бардыгын аныкташкан.

Алар Бишкек жана Чүй облусунун жашоочулары 1987-жылы туулган Ж.уулу Б., 1978-жылы туулган А.Н, 1990-жылы туулган А.А., 1983-жылы туулган Б.С. кармалган.

Аталган кылмышка шектүү жарандар башка кылмыштарга тиешеси бардыгы текшерилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: