Menu

Коопсуздук кеңешинин жыйынында президенттик шайлоону жана референдумду жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү боюнча ИИМге бир катар тапшырмалар берилди

Бөлүшүү:

КРнын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында мамлекеттик органдарга президенттик шайлоону жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү боюнча ИИМге бир катар тапшырмалар берилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

КРнын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ИИМге төмөнкү милдеттерди аткарууга көңүл бурушу керектигин белгилеген.

2020-жылдын 25-декабрына чейинки мөөнөттө шайлоо процессинин бардык мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бирдиктүү оперативдүү штаб түзүү, БШК менен биргеликте шайлоо бюллетендерин шайлоо участкаларына жеткирүү жана аларды күнү-түнү кайтарууну камсыз кылуу жана коомдук коопсуздукту коргоо максатында төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу белгиленген.

Аларга, шайлоо участкаларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактыларын аныктоо жана сатып алууну уюштурууга жана жүзөгө ашырууга катышкан адамдарды жоопкерчиликке тартуу, анын жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында милдеттүү түрдө чагылдыруу, трансулуттук, диний экстремисттик жана террордук уюмдардын аракеттерине ыкчам чара көрүү, стратегиялык объектилерди жана башка инфратүзүмдөрдү кайтаруу боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү.

Жогоруда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына коюлган тапшырмалардын бардыгы ыкчам түрдө аткаруу багытында ИИМ максаттуу жана комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгып, аны жүзөөгө ашыруу багыттарын көрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: