Бишкекте алдоо жолу менен акча алган жаран кармалды. Бул тууралуу 24-декабрда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 23-декабрда болжол менен саат 15:25 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына “Восток 5” дарегинде акчамды бербей жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1966-жылы туулган К.Б аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш жаран арыз ээсинин сварка иштерин жасап берем деп 10 000 ге жакын акчасын алдоо жолу менен алып, бүгүнкү күндө качып жүргөнүн маалымдаган.
Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Н.Ш. аттуу жаранды кармашып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.
Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ