Menu

Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратында онкологиялык илдетке кабылган бейтаптардын митинги өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратында онкологиялык илдетке кабылган бейтаптардын митинги өттү. Бул тууралуу журналисттерге митингдин катышуучуларынын бири билдирди.

Буга чейин, бейтаптар 9-декабрда дагы аткаминерлердин көңүлүн көйгөйүнө буруу үчүн нааразычылык митингин өткөрүшкөн.

«Биз аткаминерлерге онкологиядагы абал, химиотерапия жана дарылануу мүмкүн эместиги жөнүндө айтып бергенбиз. Дарылоо курсу үзгүлтүккө учурайт. Дары-дармектер өтө кымбат, кээде сапатсыз. Адамдардын өлүмү эмнеден улам келип чыкканы белгисиз. Же оорудан же дары-дармектердин терс таасирлеринен. ​Бул суроо абдан маанилүү. Андан кийин Саламаттыкты сактоо министри бизге келип, биздин көйгөйлөрдү карай турган атайын комиссия түзүүнү убада кылган, бирок бүгүн, 25-декабрь болуп калды. Эч нерсе чечилген жок, комиссия дагы түзүлгөн жок», – деди ал.

Ошондой эле, анын айтымында, бүгүн Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев митингдин катышуучуларынын алдына чыгып, комиссия түзүүнү убада кылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: