Menu

Видео – Элвира Сурабалдиева: “Текебаевге чалып акылдашып, кеңешпейм. Өзүмдүн башым бар”

Бөлүшүү:

Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлоо үчүн Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков жана Искендер Матраимовдон ишеним катты Мыктыбек Абдылдаевге берген. Бул тууралуу 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү башаламандыктан кийин ошол кездеги депутат Элвира Сурабалдиева айтып чыккан.

“Депутаттарды “каралар” коркутуп, үйлөрүнө чейин барып жатышыптыр. Сабыр ава, тайкем болот экенсиз. Жыргалаңдагы шахтаны бир тууган байкеси тоногон. Бир тууган эжеси Бакиевдин убагында “Ысык-Көл Инвест” банкын рейдерлик жол менен басып алган. Бакиевдер менен иштеген. Урматтуу жаштар, ушунун барын унутуп калдыңарбы?” – дейт Сурабалдиева.

“Мен өкмөткө барбайм, мен парламентке барам. “Өкмөткө 2 айга барып иштейм” деген Тилекке “баатыр экенсиң” деп айттым. “Сен парламенттик шайлоодон баш тарттың, 2 ай техникалык премьер-министр болосуң, андан кийин мөөнөтүңдү узарта албайсың” деп айттым. Бирок, Тилек “Контрабанданы эмне токтотуп жатасың? Анын башында чоңдор, депутатар турат” деп менин милицияга иштеген агамды атып кетишти. Мен аягына чейин турам” деп айтты. Жаштар, жаштар дейсиңер, бирок кайра эле Бакиевчилер жүрөт, Жээнбековдор ишеним каттарын берип жатат. Кишилерди аткан Жээнбековдор болуп жатат. 19 жаштагы жигит каза болуп калды” – деди Сурабалдиева.

“Мени Текебаевди президент кылам деп жатыптыр” деп жаманатты кылып жатасыңар. “Текебаев президент болбойт. Аны президент кылып шайлаганга көңүлүм жок. Биз “Эскилер кетсин” деп жатабыз. Ага чалып акылдашып, кеңешпейм. Өзүмдүн башым бар. Бирок, Жээнбековдор деген 19 жаштагы баланы атып өлтүрүп салдыңар. Ошого жооп бериш керек” – деди ал.

“Садыр байке, чалып коркуткан депутаттарга “президентке импичмент жарыялансын” деп айтыңыз” – деген Сурабалдиева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: