Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык соту адвокат Замир Жоошевдин Биринчи Май райондук сотунун Фарид Ниязовго карата чыгарган чечиминин жокко чыгарылышы боюнча арызын карашы керек болчу. Бирок Замир Жоошев билдиргендей, сот отуруму болгон жок.
Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов Биринчи Май райондук соттун чечими менен 2021-жылдын 13-февралына чейин камакта калтырылган.
“Бүгүн Фарид Ниязов сотко жеткирилген жок. Бизге айтылган маалыматка караганда, эпидемиялык кырдаалга байланыштуу айыпталуучулар СИЗО-1ден чыгарылбай жатат. Ал эми шаршемби күнү Кой-Таш окуясы боюнча ал сотко жеткирилген”, – деди адвокат.
Мындан улам соттук отурум 28-декабрь күнү саат 14:00го жылдырылды.
Эскерте кетсек, Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов 9-октябрда Ала-Тоо аянтында болгон башаламандыкты уюштурган деп шектелип, 10-октябрда кармалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ