Menu

Ташкентте Сардоба суу сактагычындагы кырсык боюнча айыпталгандардын иши карала баштады

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Жогорку сотунда Сардоба суу сактагычындагы кырсык боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалган сегиз кишинин иши карала баштады.

21-декабрда башталган сот отуруму жабык өтүп, ага айыпталуучулардын туугандары киргизилген жок. Соттолуучулардын арасында «Узгидрострой» ишканасына таандык каналдарды тейлеген «Тупаланг» башкармалыгынын жетекчиси жана «Өзбекстан темир жолдорунун» курулуш-монтаж ишканаларынын өкүлдөрү бар. Аларга карата «Кызматтык жасалмалуулук», «Эмгекти коргоо эрежелерин бузуу» жана «Курулуш жана жарылып кетүү коркунучу бар иштерди аткаруунун эрежелерин бузуу» беренелери боюнча айып тагылган.

Быйыл 6-октябрда Өзбекстандын коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги Сардоба суу сактагычындагы кырсык боюнча 17 киши айыпталып жатканын билдирген. Алардын ичинен сегиз адамдын иши өзүнчө бөлүнүп каралууда. Соттун кийинки отуруму 28-декабрга белгиленди. Анда прокурорлор айыптоо корутундусун окуп беришет деп күтүлүүдө.

Кылмыш ишиндеги материалдарга ылайык, суу сактагычтагы кырсык 45 миллиард сум (4 миллион 300 миң доллар) чыгым алып келген. Айыпталуучулар бул сумманын бир бөлүгүн гана төлөп беришкен.

Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычы быйыл 1-майда жарылып, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен 24 айылдан 90 миң адам эвакуацияланган.

Сардаба райондук администрациясынын өкүлү 7 миңден ашуун киши үй-жайсыз калганын, бирок ноябрга карата алардын 90% жаңы турак жай менен камсыз болгонун билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: