Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Улукбек Жолдошбековго Бишкектен бир бөлмөлүү батир белек кылынды. Бул тууралуу КРнын Күрөш федерациясы билдирди.
Белгиленгендей, сыйлоо кечээ, 24-декабрда жылдын спорттук жыйынтыктарын чыгаруу аземинде болгон.
Жаш спортчуну акыркы эки жылда жетишкен ийгиликтери үчүн сыйланган. Ал 2019-жылы Түркияда өткөн мелдеште алтын утуп, 23 жашка чейинки спортчулар арасында Азия жана дүйнө чемпиону болгон. Ошондой эле, февраль айында Индияда өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпиондугун жеңип алган. Такталгандай, батир демөөрчүлүк каражатка сатылып алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ