Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 26-декабрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Жолдорго кар жаап, муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -3…-8, күндүз: -2… +3,
Таласта түнкүсүн: -3…-8, күндүз: -2… +3,
Баткенде түнкүсүн: -1… -6, күндүз: 0…+7,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: 0…-6, күндүз: +2…+7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: -2…-7, күндүз: +1…+6,
Нарында түнкүсүн: -13…-18, күндүз: -5…-10,
Бишкекте түнкүсүн -4…-3, күндүз: +4…+6.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ