Menu

“Бишкекбашкыархитектуранын” жетекчиси Асхат Түлөбердиев коррупцияга шектелип кармалды

Бөлүшүү:

Бишкек мэриясынын “Бишкекбашкыархитектура” ишканасынын жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“2017-жылы Бишкек мэриясынын, жер ресурстар башкармалыгынын жана “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жер тилкесин сатуу боюнча аукционду жеңип алууга кызыкдар болгон үчүнчү жактар ​​менен кызматташканы аныкталган” – деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн натыйжасында, кечээ, 24-декабрда коррупция фактысы боюнча “Бишкекбашкыархитектуранын” башчысы, Бишкек шаардык мэриясынын депутаты Асхат Түлөбердиев кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Материалдар КЖБРге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-б. “Коррупция” боюнча катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: