Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту балбан Роман Царевди СИЗО-1ге камакка алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ал убактылуу кармоочу жайга киргизилет.
Балбан Роман Царев жана 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаран акча талап кылган деп шектелүүдө. Милициянын маалыматы боюнча, 2020-жылдын декабрь айынын башында 29 жаштагы С.А. аттуу жаранга эки жигит келген. Алар өздөрүн Алтынбек жана Роман деп тааныштырышкан.
Алтынбек аны коркутуп, 380 миң сом талап кыла баштаган. Андан кийин жигиттер кетип калышкан, бирок коркутуулар телефон аркылуу улана берген. Жабырлануучуну тоого алып барып, ошол жерден эсептешебиз деп дагы коркутушкан.
Кылмышка шектүүлөр Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалышкан.
Ошондой эле, бул маалымат ММКларга тарагандан кийин балбан Роман Царев Кыргызстандын курама командасынан четтетилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ