КРнын «Нотариат жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, 2021-жылга жеке нотариустардын ишинин уюштуруусун текшерүүгѳ алуу үчүн план бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган планга ылайык 156 жеке нотаристун ишмердүүлүгү текшерилүүгө тийиштүү.
Жалпы жеке нотариустар нотариалдык иш-аракет жүргүзүүдө нотариат чөйрөсүн жөнгө салган мыйзам талаптарынын чегинде иш алып барууга милдеттүү жана нотариалдык иш аракеттер жасала турган жайы тийиштүү талаптарга жооп берүүгө тийиш.
Ошол себептүү, жеке нотариустар тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда, алар тартиптик жазага тартылышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ