Тогуз-Торо районунун аймагында 35 мал уурдалып, милиция алардын 18ин кайтартып берген. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Тогуз-Торо районунун аймагында 2020-жылдын 25-декабрына чейинки жыл ичинде белгисиз кылмышкерлерге малын уурдатып жергиликтүү милицияга – 14 жаран арыз менен кайрылган жана жалпы – 35 бодо мал жоголгон.
Тогуз-Торо РИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында тиешелүү Тергөө жана Криминалдык милиция кызматтары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмышка шектүү делген – 6 жаран аныкталып (алар 29 жаштан 35 жашка чейинкилер), анын 5и тергөөнүн жүрүшүндө камакка алынып, 1 шектүүнүн үстүнөн издөө жарыяланган.
Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин бул багытта алып барган ийгиликтүү иштеринин натыйжасында уурдалган малдын 18 баш бодо мал ээлерине кайтарылып берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ