Menu

УКМК Башкы прокуратурадан жана Соттор кеңешинен Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга макулдук берүүнү суранат

Бөлүшүү:

УКМК Жогорку соттун жана Соттор кеңешинин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин 24-декабрдагы маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу билдирүүсүнө комментарий берди.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей,  «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгууда жана аны ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча Жогорку соттун кызмат адамдарына карата сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

“Сотко чейинки процесстин алкагында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын кылмыш ишине катыштыгы бар экендиги жөнүндө төгүндөлгүс далилдер алынды”, – деп айтылат маалыматта.

Ушуга байланыштуу, тергөө органдары Башкы прокуратурага Жогорку соттун төрайымы Г.Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына сунуш келтиришти. Башкы прокуратура тарабынан жана Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын макулдугун берсе, Гүлбара Калиева УКМКнын башчысы айткандай, иштин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

“Мамлекеттик бийликтин сот бутагынын өкүлдөрү болгон Жогорку соттун жана Судьялар кеңешинин өзүлөрүнүн позициясын жана бейтараптуулугун алдын-ала аныктап алганы тынчсыздандырат. Ал эми Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасында бардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей”, –  деп белгилейт УКМК.

Белгилей кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин 24-декабрда өткөн маалымат жыйынында Гүлбара Калиева боюнча айткан билдирүүсүнөн кийин Судьялар кеңеши президенттин м.а. Талант Мамытовго ачык кат жазып, айтылып жаткан бир жактуу айыптоодон жана кысым көрсөтүүдөн коргоону суранышкан.

“Адам кылмыш жасагандыгы боюнча күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен аныкталганга чейин күнөөсүз деп эсептелет. Акыркы окуялар – укук коргоо органдарынын жашыруун кысым көрсөтүшүнүн далили. Буга жол берилбеши керек” – дешкен Судьялар кеңеши.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: