Россияда иштетип акчасын төлөбөй койгон азербайжан ишкерлерин тажик эмгек мигранттары мууздап салышты. Бул тууралуу видеотасма социалдык тармактарда тарады.
Маалыматтар боюнча, тажик эмгек мигранттары соода борборунда оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүп жатышкан. Аларга эмгек акылары төлөнбөй келген. Эмгек мигранттардын эки бригадири барып, бири уюлдук телефон саткан дүкөндүн ичинен эки азербайжан ишкерин мууздап салган. Ал эми экинчи бригадири качып бараткан 4 ишкерди атып салган.
Видеотасманы көрүүдө этият болуңуздар, зордук-зомбулук чагылдырылган, психикасы аярлуу адамдар көрбөөгө тийиш
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ