Menu

Судьялар кеңеши м.а. Талант Мамытовго УКМКнын жетекчилиги тарабынан кысым болуп жатканын айтып арызданышты

Бөлүшүү:

Судьялар кеңеши президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго ачык кат жазып, айтылып жаткан бир жактуу айыптоодон жана укук коргоо органдары тарабынан кысым көрсөтүүдөн коргоону суранышкан.

“Ошол эле учурда, аталган ведомстволордун басма сөз кызматтары тарабынан дагы, ошондой эле жетекчилери тарабынан дагы тигил же бул соттун күнөөсү жөнүндө алдын-ала билдирүүлөр айтылат.

Ошентип, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда өткөн пресс-конференциясында Жогорку соттун төрайымы коррупциялык иштерге катыштыгы бар экенин жана ал жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экенин айтты” – деп айтылат ачык катта.

Ушуга байланыштуу Судьялар кеңеши, КРнын судьяларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыккан соттук өз алдынча башкаруунун органы катары, мамлекеттик бийликтин сот бутагына, анын башчысына карата айтылган айыптоолор КР Конституциясынын ченемдерине жана кылмыш-процесстик мыйзамдарга каршы келээрин белгилейт.

“Күнөөсүздүктүн презумпциясы – бул кылмыш ишин кароонун негизги принциптеринин бири, бул адам кылмыш жасагандыгы боюнча күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен аныкталмайынча күнөөсүз деп эсептелет. Акыркы окуялар – укук коргоо органдарынын жашыруун кысым көрсөтүшүнүн далили. Буга жол берилбеши керек. Анткени бул сот бийлигинин гана эмес, жалпы эле мамлекеттик бийликтин негиздеринин кадыр-баркына жана туруктуулугуна шек келтирет”, – деп баса белгилейт Судьялар кеңеши.

Судьялар кеңеши президенттин м.а. Талант Мамытовдон сот тутумуна карата айтылып жаткан айыптоодон өтүнөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: