Menu

ИИМдин Академиясында КРнын ИИМдин Коомдук кеңешинин жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү

Бөлүшүү:

Коомчулук менен жемиштүү өз ара аракеттенүү жана кызматташуу максатында, 25-декабрда, КРнын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясында, КРнын ИИМдин Коомдук кеңешинин жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, негизги күн тартибине курсанттарды даярдоонун жана КРнын Ички иштер министрлигинин Академиясынын илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүн санариптештирүүнүн негизги багыттары жөнүндө маселесин талкуулоо коюлган.

Отурумду ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов ачып, кеңешменин мүчөлөрү менен тааныштырып өткөн. Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Ички иштер министрлигинин Академиясынын башчысынын окуу иштери боюнча орун басары, милициянын полковниги Б.С.Дубанаев “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанттарын, студенттерин жана угуучуларын даярдоонун негизги багыттары жана илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүн санариптештирүүнүн келечеги” деген темада баяндоо жасаган.

Начальниктин орун басары өз сөзүндө КРнын ИИО үчүн кадрларды даярдоо боюнча Академиянын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, КРнын ИИМдин Академиясы – бул ИИО үчүн гана эмес, башка укук коргоо органдары үчүн да квалификациялуу адистерди даярдаган алдыңкы билим берүү мекемеси жана илимий борбор экендигин айткан.

Жолугушуунун жүрүшүндө, КРнын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү ИИМдин Академиясынын илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарын айтышкан.

Билим берүү мекемесинин каржылоо жана материалдык-техникалык абалын жакшыртуу боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулган.

Андан соң, жолугушуу кызуу талкуулоо форматында өткөн. Мындан тышкары, Коомдук кеңештин мүчөлөрү ИИМдин Академиясынын музейин көрүп чыгышып, Академиянын материалдык-техникалык базасы менен таанышышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: