Menu

Бишкекте жаңы каттамдарды киргизүү маселеси талкууланды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэриясы бир эле мезгилде жашоочулары көп аймактарда кошумча каттам линияларын ишке киргизүү жана ишкерлерге шарттарды түзүү, борборго инвестиция тартуу боюнча жигердүү иштерди улантууда. Бул тууралуу 25-декабрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдын атынан, калаанын транспорт маселеси боюнча вице-мэри  Азиз Алымкуловдун жетекчилиги астында инвесторлор менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимди түзүү, жүргүнчүлөрдү ташуунун 30га жакын жаңы схемаларын ачуу боюнча долбоор иштелип чыккан.

Шаардык мэрия кеминде 75 жүргүнчүгө, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды (майыптарды) ташууга ылайыкташтырылган 350 газ же электр энергиясы менен жүрүүчү автобус менен инвесторлорду тартууну пландаштырууда.

Бул чечим линияга орточо суткалык жолдо журүүнү 659 автобуска чейин көбөйтөт, жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун жогорулатат, борбордук көчөлөрдөгү тыгындарды азайтып, эң негизгиси, эски жана эскилиги жеткен кичи автобустарды жаңы автобустарга алмаштыруу менен автомобиль транспорту аркылуу булгоочу заттардын чыгышынын деңгээлин кескин кыскартууну камсыз кылат.

Бүгүнкү күндө мэриянын «Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасы шаардыктарды 11 каттам боюнча тейлейт, алардын орточо суткалык чыгымы 135 бирдикке чейин жетет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: