Menu

Эмне үчүн бузуку саясатчылар эки досту уруштурууга кызыкдар?

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоого карай көптөгөн социологиялык сурамжылоолор жүрүүдө. Башка талапкерлерден айырмаланып, Садыр Жапаров 60 пайыздан ашык элдин колдоосуна ээ болуп атканын байкоого болот. Рейтинги ат чабым алдыда баратканы маалым. Дагы бир жагдайдан алсак, дүйнөдөгү алдыңкы 10 саясатчынын катарына Садыр Жапаров киргени жарыяланды. Бул көрсөткүч өлкөсүндөгү кадыр-баркы, кыска аралыкта жетишкен ийгиликтерине карата берилген баа.

“Жандооч кийик аттырат” демекчи, кыйын күндөрдө Камчыбек Ташиев досуна арка-жөлөк болуп, кыйла оорчулуктарда туруп берди. Жыйынтыгында, Садыр Жапаровго оомат ооп, учурда элдин колдоосуна алынууда. Мамлекет үчүн жасай турган иштер али алдыда. Мындай шартта эки достун ортосуна кара мышык аралатууга ашыккан күчтөр жок эмес. Бузуку саясатчылар катуу киришип, Жапаров менен Ташиевди уруштурууга, ажырым салууга эмне үчүн кызыкдар? Мунун өзү багытыбызды түз жолдон буруу, кайрадан сазга тыгуу катары бааланат.

Таза башкарууну аксатса, ошол эле бир ууч ууру-кескилер кызматтарга келүү менен эски заманга кайткылары келишкенин баамдап турабыз. Тилекке каршы, андай адашууга кайтуу кечиримсиз экенин эскертмекчибиз.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев пресс-конференция берип, казынага миллиардаган сомдорду кайрып атканын билдирди. Жогорку кызматтагыларга, сотторго, дээрлик бай-манаптарга айланган чиновниктерге катуу көзөмөл жүрүп атканын, мыйзамга жараша чекесинен жазалоолор башталганын ачыктады. УКМКнын мындай жигердүү ыргагы кылмыштуулукту кыркып, тазаланууга, адилеттүүлүктү орнотууга, о.э. казынаны толтурууга көрүлгөн чоң салымы да.

Аныгында, Садыр Жапаровдун командасында мекенине ак санаган Камчыбек Ташиевдей азаматтарыбыз арбын болсо, мамлекетибиздеги кризистен, экономикалык кыйынчылыктардан чыгып кетүүгө негиз бар. Кудай буюруп, Садыр Жапаров президенттик шайлоодо жеңип келсе, ишти аксаткан кадрлардан арылып, жаңы муун менен тажрыйбалуу саясатчылардын колдоосунда Кыргызстаныбызды алга сүрөсөк болот. Анүчүн күрөшчүл эрк, таза ниет жана мекенчилдик сезим керек.

Булак: “Aryba.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: