Menu

Анталияда 23 жаштагы кыргызстандык кыздын жансыз денеси чогуу жашаган жигитинин батиринен табылды

Бөлүшүү:

26-декабрда Кыргызстандын 23 жаштагы Р.К. аттуу жаранынын жансыз денеси Анталияда чогуу жашаган жигитинин батиринен табылды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, кыздын сөөгү Муратпаша районундагы үйлөрдүн биринен табылган. Кыргызстандык кыз түрк жигити менен бир жылдай сүйлөшкөн. Алар бирге үч батирде жашачу.

Маркум кыздын сүйүктүүсүнүн айтымында, 25-декабрда кечинде алар спирт ичимдигин ичишкен, андан кийин уктап калышкан.

“Эртең менен ойгонгондо, анын буттары муздап калганын байкадым, үшүп калган го деп ойлоп, үстүн жаап, кайра уктагам. Түштө ойгонуп, ойготууга аракет кылдым, бирок майнап чыккан жок. Ошол кезде мен анын өлгөнүн түшүндүм “, – деген түркиялык жаран милицияга.

Жигит тез жардам кызматын чакырган. Көрсөтүлгөн дарекке келген медициналык топ кыргызстандык кыз каза болгонун аныкташкан. Полиция кызматкерлери кылмыш болгон жерди карап чыгышкандан кийин,  өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн кыздын сөөгү соттук-медициналык институттун өлүкканасына жеткирилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 95 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: