Бүгүн, 27-декабрда саат 00:05 чамасында Бишкектин 7-апрель жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишине жакын аймактан милициянын патрулдук кызматы башкаларга тоскоолдук жаратып жүрүп бара жаткан “Volkswagen Passat” үлгүсүндөгү автоунааны байкашып, токтотушкан. Бул тууралу Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Унаанын жаш айдоочусу менен жүргүнчүсү мас абалында болушуп, милиционерлерге документтерин көрсөтүүдөн баш тартышкан жана кол салышып, мушташышкан, милиционердин погонун жулуп салышкан. Милиционерлер асманга ок атып, күч колдонуу менен эки бейбашты колго түшүрүшкөн.
Кармалган бейбаштардын бири 1990-жылы туулган Ж.Д., экинчиси 2004-жылы туулган Ж.Д. аттуу жигиттер болушкан. Экөөсү тең милициянын убактылуу абагына камакка алынды.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ