Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев үгүт иштеринин алкагында Нарын облусунун Жумгал районунун эли менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Жумгалдын тургуну сөз сүйлөдү. Анда ал мындай деди:
“Жумгал элинин акыбалы деп эмне үчүн буга чейин келип койгон жоксуз?
Мурунку президент Алмазбек Атамбаев жаштарды анын ичинен сизди көтөрдү? Кезегинде Бакиевдин заманында биз ушул жерден Атамбаевге чуркап, күндөп-түндөп иштеп бердик. Ошол убакытта Жумгалдын балдарын кордодуңар? Атамбаевдин саясий курмандыгынын бири менмин. Жапжаш экенсиз. Ушул убакка чейин келип Жумгал элинде көйгөй болуп жатабы деп келдиңизби? Келип койбойт белеңиз. Эми азыр шайлоо керек учурунда келиптирсиз. 20-30 киши чогулуптур. Демек сизди колдойм дегендер аз экен.
Учурда элдин бары Садыр Жапаров деп жатат. Анын башында эмне деген түйшүктүн бары өткөн жок. Элдин бары аны колдогону турат. Ошондуктан келбей эле койсоңор болмок экен”, – деди Жумгалдын тургуну.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ