Menu

Талапкерлер үгүт иштерине $1,1 млн. сарпташты, анын жарымынан көбү Жапаровдун чыгымдары

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттик кызматка талапкерлердин шайлоо фонддоруна келип түшкөн жана коротулган каражаттар тууралуу акыркы маалыматтарды жарыялады.

Ага ылайык, 25-декабрга карата президенттикке ат салышып жаткан 18 талапкердин банк эсептерине жалпысынан 104 миллион 463 миң 444 сом (1 275 781 доллар) топтолгон. Каражаттын эң көбү — 51 миллион 461 миң сому (628,5 миң доллар) Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна келип түшсө, анын 50 миллион 549 миң 859 сому (616 миң доллар) үгүт иштерине сарпталган. Бул сумма жалпы 18 талапкер сарптаган каражаттын (94 миллион 640 миң 488 сом же 1,1 миллион доллар) жарымынан көбүн түзөт.

Топтолгон каражаттын көптүгү боюнча экинчи орунда ишкер Бабыржан Төлбаев келатат. Анын шайлоо фондуна 14 миллион 224 миң 572 сом (173 миң доллар) келип түшсө, 9 миллион 264 миң 488 сомун сарптоого жетишкен.

Калган талапкерлердин шайлоо фондундагы каражат 5 миллион сомдон ашпайт.

21-декабрда Баткен облусунда шайлоочулар менен жолуккан Садыр Жапаров үгүт иштерине жумшалып жаткан акча элден келгенин айткан: «Талапкерлик фондумда сарпталган акчанын бүт баары элден келип жатат. Пенсионерлер пенсиясынан берип жатышат. Мобу турган плакаттарды да эл өзү жасап атат. Мен түрмөдө отурганда да акчасын, тамак-ашын, кийим-кечелеримден өйдө калтырып кетип жүрүп, мени эл бакты. Үч жыл бою эл, сиздер бактыңыздар».

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Аны менен кошо 10-январда референдум да өтөт. Анда жарандар мамлекеттик башкаруу формасын тандашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: