Бүгүн, 28-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 162 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 59, Ош шаарынан – 11, Чүй облусунан – 42, Ош облусунан – 6, Талас облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 25, Жалал-Абад облусунан – 10, Нарын облусунан – 2 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 80 535 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 237 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 75 057ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 96, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 70, Ош облусунан – 12, Талас облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 32, Жалал-Абад облусунан – 14, Баткен облусунан – 7, Нарын облусунан – 3.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 1 бейтап каза болду. Алардын жалпы саны 1345ке жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ