Menu

Садыр Жапаровдун агитатору БШКга эмгек акысы боюнча нааразычылыгын билдирди

Бөлүшүү:

26-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобуна Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылынан С.А. аттуу жарандан электрондук кат келип түшкөн. Анда ал 2020-жылдын ноябрь айынан бери Военно-Антоновкада президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун агитатору болуп иштеп жаткандыгын айткан.

“Лидерлер агитаторлорго жасаган иштери үчүн 15 миң сом, андан кийин 7 миң сом төлөп беребиз деп убада беришкен, учурда 5 миң сом гана төлөп берүү жөнүндө сөз болуп жатат”, – деген Военно-Антоновка айылынын тургуну.

Ошондой эле, ал ачууланып, лидерлер аларды алдап жатат деп эсептейт жана ушул маселени кароону өтүнөт.

Бул иш боюнча топ аркылуу Ички иштер министрлиги, КРнын Башкы прокуратурасы жана Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы маалымдалган.

Эскерте кетсек, кезексиз президенттик шайлоого 18 талапкер ат салышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: