Menu

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Бишкек башкы архитектура” мекемесинин жетекчиси Асхат Түлөбердиевди үй камагына чыгарды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Бишкек башкы архитектура” мекемесинин жетекчиси Асхат Түлөбердиевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда журналисттерге Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 26-декабрда кабыл алынган. Сотко чейинки процесстин алкагында ал 2021-жылдын 24-февралына чейин үй камагында болот.

Түлөбердиев 24-декабрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал коррупцияга шектелип жатат.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2017-жылы Бишкек мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы, “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын жана мэриянын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарды көздөп, жер тилкесин сатуу боюнча аукционду жеңип алууда үчүнчү жактар менен соодалашканы аныкталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: