Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан мамлекетке 24 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, Кара-Суу райондук прокуратурасы Ош облусунда социалдык объектерди курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануунун мыйзамдуулугун текшерип жатат.
Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтү 2014-жылдан 2018-жылга чейин Киров айылындагы 720 орундуу мектепти курууга «Акмат Курулуш» ЖЧКсы менен жалпы суммасы 159 005 463 сомго келишим түзгөн. Мектеп 2019-жылдын сентябрь айында пайдаланууга берилген.
Ошол эле учурда Сарай айыл өкмөтүнүн жана “Акмат Курулуш” ЖЧКнын кызмат адамдары аткарылган иштердин актыларына жалган маалыматтарды жазышып, айрым жумуштардын баасын ашыкча баалап, аткарылбаган ишти аткарылды деп, мурда аткарылган ишти тизмеге кайталап киргизишкен. Муну менен алар мамлекетке жалпысынан 24 миллион 209 миң 093,86 сом зыян келтиришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ