Menu

Трамп АКШ экономикасын колдоо үчүн $900 млрд бөлүү жөнүндө мыйзам долбооруна кол койду

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп пандемиядан жабыр тарткан америкалыктарга жардам берүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун топтомуна кол койду.

Ал документке кол коюуну бир нече күн кечиктирди. Анын натыйжасында 11 миллион кишиге жумушсуздук үчүн жөлөк пул төлөө мөөнөтү өтүп кетти.

Мыйзам чыгаруучулар документке кол коюлбай жатканда, өкмөттүк шатдаун жарыяланышы ыктымал экенин эскертишкен. Трамп Конгресс колдогон долбоорду 22-декабрда ара жолго таштап, ага кол коюудан баш тартышы ыктымал экенин ишара кылган. Мыйзам долбоору Өкүлдөр палатасында жана Сенатта да колдоо тапкан.

Документте жумушсуздук боюнча төлөмдөрдөн тышкары кирешеси төмөн америкалыктарга 600 доллар өлчөмүндө бир жолку жардам берүү каралган. Трамп бул сумма өтө төмөн экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: